• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бир аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат

1 Тогуздун айы 2018 9:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Өлкө аймыгындагы бир жумага карата аба ырайынын божомолун Кыргызгидромет жарыялады. Анда 1-7-октябрда аба ырайын кескин өзгөрбөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал.
1-октябрда түндө Чүй менен Талас облусунда 5…13 градус жылуу, күндүз 20…27 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 9…14 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында түндө 1…9 градус жылуу болуп, күндүз 16…22 градуска чейин жогорулайт.
2-3-октябрда өлкө аймагындагы олуттуу өзгөрүү болбойт, аба ырайы бир калыпта сакталат.
4-5-октябрда Чүй менен Таласта түнкүсүн 4…12 градус жылуу болуп, күндүз 22…29 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус жылуу болсо, күндүз 25…30 градуска дейре ысык болот. Ысык-Көл менен Таласта түндө 2…9 градус жылуу болуп, күндүз 17…23 градуска чейин жылуу болот.
Ал эми 6-октябрда жаан-чачын күтулбөйт. 7-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүп, абанын температурасы төмөндөйт.

 

Количество просмотров: 44