Социалдык түйүндөрдө Айгерим Иманалиева аттуу жаран алар жашап жаткан батирдин ээси бүгүн, 10-апрелде эшикке кууп чыкканын билдирип, баракчасына видео жүктөдү.
Видео материалда автор карантин маалында батирге акча төлөй албаганынан улам, аларды батирдин ээси үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылганын билдирген.
Мындан көп узабай жогоруда аталган батирдин кожойкеси ижарачылары тынчтык бербей, бир бөлмөдө 8ден киши жашап алышканын айтты.
«Келин өзүм жалгыз боймун деген. Бирок апасы, эжеси баары толуп алды. Анысы аз келгенсип күйөөсү да келди. Өзүм 68, чалым 74 жашта», — деди ал.