• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Бир бол» айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиевди сунуштайт

26 Бугу 2019 2:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.05.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов “Бир бол” фракциясы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштай турганын Facebook баракчасы аркылуу жар салды.

https://m.facebook.com/altynbek.sulaimanov/videos/2218854574901734/

“Жаш, кесипкөй Тилек деген инибиз айыл чарба тармагында реформа жасайм, мекениме кызмат кылам деп билдирүү жасады. Үмүтсүздүк булуту каптап турган кезде Тилектин демилгеси бизди жандандырды. Андыктан “Бир бол” фракциясы премьерге айыл чарба министри кызматына Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайт”, — деди Сулайманов.

Эске салсак, мурдагы министр Нурбек Мурашев отставкага 24-майда кеткен. Ал бул кызматка 2016-жылы келген болчу. Мурашев отставкага кетүүсүнө ден соолугу жана коомчулукта ага карата айтылып жаткан сындар себеп болгонун билдирген.

Количество просмотров: 22