• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир күн ичинде 22 бейтап коронавирустан айыкты

29 Бугу 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир күн ичинде 22 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 16, Нарын облусунан 5, Ош облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1088 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 68 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1662 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Количество просмотров: 38