• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир күн ичинде 28 бейтап коронавирустан айыкты

27 Бугу 202010:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир күн ичинде 28 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 14, Нарын облусунан 8, Жалал-Абад облусунан 6, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1043 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Количество просмотров: 63