Кыргызстанда 11-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 55,
Чүй облусунда – 17,
Ош облусунда — 2,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 10,
Жалал-Абад облусунда – 6,
Баткен облусу – 4.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 146 адам илдеттен сакайып чыккан.Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 94 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 83 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 326 киши айыгып чыкса, 2 миң 569 адам каза болду.