• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир күндө 14 миңден ашуун жол эрежеси бузулган

13 Бирдин айы 2019 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.02.2019.Govori.TV.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-февралда саат 17:00гө чейин 14 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурду каттады. Эреже бузуулар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң гана унаа элерине айып төлөө үчүн жөнөтүлөөрү белгилүү болду.

Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун иши менен таанышуу үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштей баштады. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.
Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат. Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру «Инфокомго» жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасы» аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

Учурда баш калаанын Жибек Жолу — Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси — Фучик, Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева, Жибек Жолу — Фучик, Чүй проспектиси — Жаш Гвардия бульвары, Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов, Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов, Чүй проспектиси — Курманжан Датка, Москва – Жусуп Абдрахманов, Максим Горький – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

Количество просмотров: 34