Бүгүн, 4-сентябрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 154 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында – 63,
— Ысык-Көл облусунда – 42,
— Чүй облусунда – 22,
— Талас облусунда – 7,
— Жалал-Абад облусунда – 7,
— Баткен облусунда – 7,
— Нарын облусунда – 5,
— Ош шаарында – 1,
— Ош облусунда – 0.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 135 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 918 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 35 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 347 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 396 киши айыгып чыкса, 2 миң 546 адам каза болду.