• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир күндө 34 адамдан вирус табылып, 2 бейтап каза болду

12 Бештин айы 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 12-декабрга карата коронавирус дагы 34 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 17,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 8,

Ош облусунда – 1,

Жалал-Абад облусунда – 4,

Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 47 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 314 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 965 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 9 киши айыгып чыкса, 2 миң 770 адам каза болду.

Количество просмотров: 150