• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир күндө 665 адам коронавирустан айыкты

7 Баш оона 202011:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 665 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 142 киши, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 84, Талас облусунда – 40, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 91, Жалал-Абад облусунда – 89, Баткен облусунда 66 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 30 миң 764кө жетти.

Количество просмотров: 86