Бүгүн, 2-октябрга карата өлкөдө COVID-19 илдети дагы 72 жарандан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Жаңы учур:
Акыркы суткада айыгып чыккандардын саны 80ди түздү. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 миң 680ге жетти. Ал эми айыккандардын жалпы саны 173 миң 385 болду.