• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан талапкерлер Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасашты

13 Бештин айы 2021 12:15 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдарда добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Утулган талапкерлердин айрымдары добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу өңдүү көрүнүштөр болгонун айтып, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бүгүн, 13-декабрда кайрылуу жасашты.

Биринчи май райондук округунан талапкерлигин койгон Мавлян Аскарбековдун айтымында, шайлоо таза өткөн жок, мыйзам бузууларды укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алышы керек болчу.

«Урматтуу президент, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 28-ноябрда өткөн шайлоодо бир мандаттуу округдан аттанган талапкерлер арасында көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Бизде далилдер бар. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо өткөрүлөт. Ошол шайлоону таза, ачык өтүшүн камсыздап бериңиздер. Бир мандаттуу округдун талапкерлерин кабыл алыңыздар»,-деди ал.

Эске салсак, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бул ирет шайлоо жаңы тартип менен уюштурулду. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан катышты. АСУнун алдын ала жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке 6 партия өттү.

Количество просмотров: 974