• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлерди көрсөтүү качан аяктайт? БШКнын жообу…

6 Аяк оона 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлүүчү талапкерлердин документтерди берүү мөөнөттөрүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлайт.

КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы чечими менен бекитилген 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен же 2021-жылдын 6-сентябрына чейин түзүлөт жана бекитилет.

Мында шайлоо округдарынын тизмелери округдар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күн ичинде б.а. 2021-жылдын 10-сентябрына чейин КР БШКнын расмий сайтына жана ЖМКга жарыяланат.

Количество просмотров: 1250