• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир нече автоунаа айдап качкан шектүүлөр кармалды

10 Жетинин айы 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

ИМдин Криминалдык милиция кызматы (КМК) бир нече автоунааны айдап качкан шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактап, колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, алгачкы сурактын видеосун жарыялады.

6-ноябрь күнү милицияга автоунаанын уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Шаардагы кичирайондордун биринде түнчүндө белгисиз адамдар 44 жаштагы жаранга таандык “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны уурдап айдап качып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, “Автомототранспорттук каражаттарды айдап качуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Андан сырткары, ушундай эле фактылар менен башка жабырлануучулар милицияга кайрылгандыктан, жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштарга каршы күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тартылган.

Милиция кызматкерлери бир нече божомолдордун үстүндө иштеп, шектүүлөрдүн кайда жүргөн жерин аныкташкан.

Таш-Көмүр шаарынан Жалал-Абад ОИИБдин ЖККБнын инспекторлору менен Таш-Көмүр ШИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушуп, Ош облусунун тургундары С.А. менен А.Р. кармалган. Экөө тең жашы жете элек өспүрүмдөр болушат. Биринчиси тоноо үчүн соттолгон.

Кармалгандар Бишкек шаарынын аймагында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааларды уурдоо боюнча 4 фактыга тиешеси бар. 3-ноябрь күнү түнчүндө алар бул үлгүдөгү автоунааны айдап качып кетишкен. 5-ноябрь күнү түнчүндө Сельпов көчөсүнөн дагы айдап качып кеткен факты катталган. 5-ноябрь күнү таңында “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны Ак- Босого жаңы конушунан айдап качып кетишкен. Кармалгандар айдап качып кетишкен автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн. Автоунаалардын ичинен буюмдарды дагы уурдап кетишкендиги дагы белгилүү. Болжолдуу алдын ала маалыматтар боюнча акыркы айдап качып кетишкен автоунааны сатууну көздөшкөн.

Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 45