• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир нече эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктаганды токтотууга чакырышты

17 Үчтүн айы 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Сегиз ири эл аралык укук коргоо уюму 16-январда Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Анда алар кыргыз бийлигин бир катар эркин маалымдоо каражаттарына карата «согушту пропагандалоо» жана «жапырт башаламандыкка чакыруу» деген айып менен козгогон кылмыш иштерин токтотууга чакырышты.

«Бийлик журналисттерди коркутуп-үркүткөндү, куугунтуктаганды токтотуп, алардын өз ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүнчүлүк бериши зарыл экени, соңку окуялар Кыргызстанда сөз эркиндигине каршы өнөктүк контекстинде жүрүп жатканы, мунун баары көз каранды эмес ЖМК арасында коркуу маанайын күчөтөрү» белгиленген бул билдирүүгө «Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы уюмдары кол коюшту.

«Пикирин ачык билдирүү эркиндиги азыр парламенттин кароосунда жаткан репрессивдүү мыйзам кабыл алынса мындан да начарлайт. Бул мыйзам мамлекеттин ЖМК үстүнөн көзөмөлүн күчөтүп, бийликке аларды каттабай коюусуна, ишине бут тосуусуна жана жаап коюусуна кеңири мүмкүнчүлүктөдү ачат. Кыргызстандын бийлиги сөз эркиндигинин урматталышын эл аралык милдеттенмелерине дал келтириши үчүн тез арада чечкиндүү кадамдарды жасашы зарыл», — деп айтылды биргелешкен билдирүүдө.

16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 82