• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Бир нече район акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду

27 Чын куран 202410:45 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тиешелүү чечимге ылайык, үч райондун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызматтан бошотулгандар:

  • Жетенбаев Кайрат Рахымбаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары кызматынан бошотулду.
  • Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
  • Дүйшембиев Адилет Керээзбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
  • Ташбалтаев Абдирашит Каримович Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Ал эми Жумабеков Жалын Самудинович Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Количество просмотров: 315