Мурда бир нече жолу соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Раззаков шаарындагы борбордук базарда белгисиз жаран аны уруп, колундагы Samsung Galaxy A04 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Жабырлануучу жалпысынан 14 миң сомго жакын зыян тарткандыгын билдирип, 6-апрелде милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталган.
«14-март күнү Раззаков шаарынан Лейлек районунун Кара-Булак айыл аймагынын тургуну мурда бир несе жолу сот жообуна тартылган 35 жаштагы С.С. аттуу жаран аныкталып кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.