• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, айрымдары суракка алынып кеткени кабарланды

16 Үчтүн айы 2024 9:24 Бишкек Govori.TV

16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын айрымдарын суракка алып кетишкени кабарланды.

Иликтөөчү журналист “Полит Клиника” басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимованын жазганына ылайык, “Полит Клиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин үйүндө тинтүү жүрүп, андан соң аны ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкен.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп жатканын жазды. Ал эми Сапар Акунбековду милиция Ички иштер министрлигине суракка алып кеткенин билдирди.

Маалымат боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция дагы бир эркин журналист, “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду да суракка алып кеткени белгилүү болду.

Количество просмотров: 879