Бир сутка ичинде 87 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Бишкек шаарынан 17, Чүй облусунан 15, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 25, Нарын облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 16, Талас облусунан 6 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди Акматова.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2530 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.