• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бир сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

27 Бугу 2021 11:52 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Гүлдүрмө айылында ачык аянтта 37 сотых куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 16 чарчы метр чатыры жана 3 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 47