• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир сутка ичинде 46 бейтап коронавирустан айыкты

3 Кулжа 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир сутка ичинде 46 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 31, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 3, Баткен облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 26 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1871 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Количество просмотров: 55