Megacom
  • Дүйшөмбү 13 Куран 2020

Бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыкты

26 июня 2020 в 10:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 21, Чүй облусунан 17, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 10 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2162 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Количество просмотров: 32