Бир сутка ичинде 76 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Каратаевдин айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Бишкек шаарынан 22, Чүй облусунан 5, Ош облусунан 9, Ош шаарынан 19, Нарын облусунан 9, Жалал-Абад облусунан 1, Талас облусунан 3, Баткен облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.