Бир сутка ичинде 88 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.
«Бишкекте – 46, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 32, Ысык-Көл облусу – 3, Жалал-Абад облусунда – 4 адам айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 504 бейтап, амбулатордук түрдө 688 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 248 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 538 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 897 киши айыгып чыкса, 1 миң 500 адам каза болду.