Кыргызстанда бир сутка ичинде 91 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 41, Чүй облусунан 19, Ош шаарынан 5, Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 5, Баткен облусунан 1, Нарын облусунан 11, Ысык-Көл облусунан 2, Талас облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3660 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 228, жалпысынан1654 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 5314 кишини түздү «, — деп билдирди ал.
Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.