• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир суткада 10 бейтап коронавирустан айыкты

22 Кулжа 202010:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 3, Чүй облусунан 1, Нарын облусунан 2, Ош облусунан 1 бейтап, Талас облусунан 3, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2011 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Абдикаримов кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Количество просмотров: 45