Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 2, Ошто 3, Жалал-Абадда 2, Баткенде 7 медик ооруп калды.
«Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 8 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3318 учур катталды, алардын ичинен 3049 медкызматкер айыгып чыкты», — деди министр.
Белгилей кетсек, 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 244 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 428ди түзөт. Алардын ичинен 43 миң 418 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.