Бир суткада 37 өрт кырсыгы катталды
25 Теке 202511:40 Бишкек Govori.TV
Өлкө аймагында акыркы суткада 37 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 3;
- Ош шаары — 2;
- Ош облусунда – 6;
- Чүй облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 11;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 5.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.
Подписаться:
Количество просмотров: 131