Бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“Бишкекте – 12, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 адам дарыланууда.
«Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424 киши айыгып чыкса, 1 миң 470 адам каза болду.