Кыргызстанда 6-августка карата коронавирус дагы 658 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 345 адам;
— Ош шаарында 9 адам;
— Чүй облусунда 80 адам;
— Ош облусунда 18 адам;
— Талас облусунда 10 адам;
— Нарын облусунда 14 адам;
— Ысык-Көл облусунда 59 адам;
— Жалал-Абад облусунда 74 адам;
— Баткен облусунда 49 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 8 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 1 миң 532 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 173 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 874 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 153 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 380 адам каза болду.