• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бир суткада 82 кишиден вирус аныкталып, 2 киши каза болду

14 Аяк оона 2021 9:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус дагы 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 19, Талас облусунда — 3, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 54, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 32, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 23, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 807 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 567 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.

Количество просмотров: 103