• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир суткада 875 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап көз жумду

25 Кулжа 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 395, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 128, Ош облусунда – 109, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 90, Баткен облусунда – 49 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 533 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 249, Ош шаарында – 104, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда – 17 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 702 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 862 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 6, үй карантининен 5 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 231 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 818 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 981 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 391 киши айыгып чыкса, 1 миң 964 адам каза болду.

Количество просмотров: 142