• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бир суткада 97 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

8 Аяк оона 20219:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-сентябрга карата коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47,Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 161 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 721 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 134 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 779 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 911 киши айыгып чыкса, 2 миң 561 адам каза болду.

Количество просмотров: 127