Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 108 бейтапты түздү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек – 10
Ош шаары – 11
Чүй облусу – 10
Ош облусу – 31
Нарын облусу – 2
Талас облусу – 4
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 12
Баткен облусу – 15
Муну менен өлкө боюнча жалпы 41 904 адам аталган оорудан сакайып, ооруканадан чыкты.