• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бир суткада коронавирус 115 адамдан табылды

24 Жалган куран 202110:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 66, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 42, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 222 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты», — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 652 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 339 киши айыгып чыкса, 1 миң 492 адам каза болду.

Количество просмотров: 198