• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир суткада коронавирус 24 адамдан табылып, 59 бейтап айыкты

24 Бирдин айы 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда бир суткада коронавирус 24 адамдан табылып, 59 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 59 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 23 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 19, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 379 бейтап, амбулатордук түрдө 309 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 203 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 160 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 25 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 938 киши айыгып чыкса, 1 миң 460 адам каза болду.

Количество просмотров: 37