• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир суткада коронавирус 32 адамдан табылып, бирөө каза тапты

14 Жалган куран 2021 11:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 32 адамдан табылып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 22 адамдан, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 27 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 10, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 343 бейтап, амбулатордук түрдө 250 адам дарыланууда.

«Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 850 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 836 киши айыгып чыкса, 1 миң 481 адам каза болду.

Количество просмотров: 85