Кыргызстанда бир суткада коронавирус 51 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 313 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 204 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 172 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 142 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 61 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.