Кыргызстанда бир суткада коронавирус 57 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 24, Чүй облусунда – 22, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда бир кишиден коронавирус табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 269 киши айыгып чыкса, 1 миң 467 адам каза болду.