• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бир суткада коронавирус 66 адамдан табылды

25 Бирдин айы 20219:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 66 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 91 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.

Количество просмотров: 103