• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бир суткада коронавирус 76 адамдан табылып, бир адам каза болду

31 Үчтүн айы 202111:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 76 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 32, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 4 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 115 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 65 адамдан, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда — 8, Нарын облусунда – 2, Жалал — Абад облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда – 15 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 412 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 586 бейтап, амбулатордук түрдө 702 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 173 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 90 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 529 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 896 киши айыгып чыкса, 1 миң 412 адам каза болду.

Количество просмотров: 52