• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 3 адам каза болду

7 Бирдин айы 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 79 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 19, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 32, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 15, Талас облусунда — 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 93 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 35 адамдан, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда – 1, Жалал — Абад облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 426 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте- 1 жана Ысык-Көл облусунда — 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 462 бейтап, амбулатордук түрдө 609 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 182 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 102 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 71 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 635 киши айыгып чыкса, 1 миң 426 адам каза болду.

Количество просмотров: 145