• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, 1 адам каза болду

20 Жалган куран 2021 12:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 55, Чүй облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.

Количество просмотров: 110