Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 42 адамдан жаңы табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте — 32, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 2, Талас облусунда — 1 кишиден табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 113 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 714 киши айыгып чыкса, 1 миң 431 адам каза болду.