• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир суткада коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын саны айтылды

19 Теке 202017:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-июлга карата бир суткада 1020 адам коронавирус жана пневмонияга чалдыкканын Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек — 369
  • Ош – 151
  • Чүй облусу – 123
  • Ош облусу — 178
  • Талас облусу – 37
  • Нарын облусу – 31
  • Ысык-Көл облусу – 31
  • Жалал-Абад облусу – 40
  • Баткен облусу — 70

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 26532 адамга жетти.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министр Аида Исмаилова пневмония болгондор эми коронавирус жуктурган деп эсептелерин айткан болчу.

Количество просмотров: 4063