• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир суткада республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

11 Аяк оона 2020 13:39 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт саат 2:58де толук өчүрүлгөн.

Чүй облусунун Петровка айылындагы Совет көчөсүнүн №214 жыгач устундуу черепица жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 25