• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

25 Бугу 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 6 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Шашлычник” кафесинин эки кышкы, бир жайкы конок бөлмөсү толугу менен күйгөн, жалпы аянты 450 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 95