• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталды

20 Тогуздун айы 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүнүн №36 эки кабаттуу мейманкананын бөлмөсүндө үй эмеректери жана жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Чүй облусунун Алексеевка айылынын Киев көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Чолок айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр болгон экинчи кабаты жана 30 боо жүгөрү сабагы жана отун күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен шоктугу.

Теги:
Количество просмотров: 67