• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бир сутканын ичинде өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталды

16 Бирдин айы 2021 11:00 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин 8-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батиринин бөлмөсүндө эмерек жана кийим кечелер күйгөн.

Чүй облусунун Токмок шаарынын Бокина көчөсүндө Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы толугу менен күйгөн. Ошондой эле Scania үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын кабинасы күйгөн.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 61-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын арткы дөңгөлөгү күйгөн.

Ош облусунун Ноокат районунун Жаңгак-Беш көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры жана 200 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Количество просмотров: 66