• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Бир туугандар келди». 63 адамдан турган кыргыз куткаруучулар тобу Түркияга барды (видео)

7 Бирдин айы 2023 21:19 Бишкек Govori.TV

63 кишиден турган кыргызстандык куткаруучулар тобу Түркиядагы аэропортко келип түштү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда түркиялык жарандар Кыргызстандан барган куткаруучуларды көрүп кубанып, «бир туугандар» келди деп жатканын угууга болот.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президенттин тапшырмасы менен зилзаладан жабыркаган түркиялык боордошторго көмөк көрсөтүүчү топту даярдап жөнөткөн. Алдын ала маалыматка таянсак, 63 куткаруучу, эки кинолог барат, арасында психологдор жана дарыгерлер да болот.

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү саат боюнча эртең мененки саат 04:17 чамасында башталган. Анда миңдеген жаран каза болду.

Количество просмотров: 237